
Терини тартуучу пудра-маскасы
- Продукт Коду: 652
Терини тартуучу пудра-маскасы — тери үчүн өзгөчө кам көрүүчү жана терең тазалоочу активдүү компоненттердин уникалдуу айкалышы. Бул продукт Forever компаниясынын Алоэ Активатору менен бирге колдонууга ылайыкталган. Алар чогуу бетке жана моюнга жеңил түрдө сүйкөлүүчү, жашартуучу масканы түзөт.
Альбумин жана каолин терини визуалдуу түрдө тартылып көрүнүшүнө көмөктөшөт, ал эми жүгөрү крахмалы майлуулукту жана жылтыракты көзөмөлдөөгө жардам берет. Бул ингредиенттер чогуу тешикчелерди тазалап эле койбостон, алардын көрүнүшүн азайтып, териге серпилгичтүүлүк жана жаш көрүнүш тартуулайт.
Аллантоин жана ромашка териңизге кам көрүп, аны калыбына келтирүүгө көмөктөшөт жана Алоэ менен бирге териңизди жумшартып, тынчтандырат.
Терини тартуучу пудра-маскасы Алоэ Активатору менен кошо колдонуңуз — териңиз сергек, тартылган жана жаркыраган көрүнүшкө ээ болот!
Продукт жөнүндө кыскача:
• Алоэ Активатору менен бирге колдонууга ылайыкталган
• Терини жумшартып, тазалап жана тартылуусуна көмөктөшөт
• Терини нымдаштыруу үчүн ромашка камтылган
• Аллантоин териңизди жумшартып жана калыбына келтирүүгө жардам берет
Курамы: Альбумин (белок) 69.9898%, кадимки жүгөрү крахмалы 25.1800%, каолин 4%, аллантоин 0.7000%, суу 0.0003%, ромашка гүлүнүн экстракты 0.0001%, диазолидинилмочевина 0.1000%, жыт берүүчү кошулма 0.0100%, кызыл 27 (CI 45410) 0.0198%.
Колдонуу ыкмасы: 1/2 чай кашык масканы 1/2 чай кашык Алоэ Активаторун лосьон консистенциясына чейин көпүртүп аралаштырыңыз. Кисть-аппликатордун жардамы менен мойнунан жогору карай жука жана тегиз катмар менен сүртүңүз. Жаткан абалда 30 мүнөттөй бет булчуңдарын кыймылдатпай эс алыңыз. Андан соң, нымдуу сүлгү менен бетиңизге компресс кылып, масканы жумшартыңыз. Калганын акырындык менен сүртүп, жылуу суу менен жууңуз. Процедураны тоник жана сүйүктүү нымдаштыруучу крем менен аяктаңыз.
Масса нетто: 29 гр.
FOREVER КАРАЖАТТАРЫ ЭЧ КАНДАЙ ООРУНУ АНЫКТООГО, ДАРЫЛООГО, АЙЫКТЫРУУГА ЖЕ АЛДЫН АЛУУГА АРНАЛГАН ЭМЕС. ЭГЕРДЕ СИЗДЕ СЕЗИМТАЛДЫККА БАЙЛАНЫШТУУ СУРООЛОР БОЛСО, КОЛДОНУУДАН МУРУН ТЕРИНИН КИЧИНЕКЕЙ ЖЕРИНЕ ТЕСТ ЖАСОО СУНУШТАЛАТ. СЫРТКЫ КОЛДОНУУ ҮЧҮН ГАНА.